Site icon Reporter.kg

Ирак, Сириянын абактарында кыргызстандык 200 аял балдары менен бар

Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын жараны болгон 400 бала жана 200 аял бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, бул дагы так сан эмес, мындан дагы көп болушу мүмкүн. Учурда цифралар такталууда. Балдарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

«Энелери боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул жерде бир топ кыйыныраак, анткени ар кандай оордуктагы өкүмдөр бар, ага ылайык алар СИЗОго киргизилген», — деди Кулубаев.

Белгилей кетсек, аткаминерлер президенттин тапшырмасы менен быйылкы жарым жылдык боюнча ЖМКга маалымат берип жатат.

Exit mobile version