Site icon Reporter.kg

Иракта кармалган Кыргызстандын үч жараны мекенине кайтып келди

Иракта кармалган Кыргызстандын үч жараны мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Кармалган жарандардын жакындарынан кайрылуулар келип түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын Сауд Аравия падышалыгындагы жана Кувейт мамлекетиндеги элчиликтери тарабынан Иракта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөн.

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчилигинин кызматкери тарабынан Багдад шаарына консулдук сапар уюштурулган. Ирактын компетенттүү органдары менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында, 23-майда Кыргызстандын үч жараны “Манас” эл аралык аэропортуна аман-эсен кайтып келип, аларды жакындары тосуп алышты.

Министрлик көрсөтүлгөн көмөк үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет жана чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын коргоо максатында конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version