Ирактагы кыргыз жарандарынын 79 баласы кайтарылды

Ирактагы кыргыз жарандарынын 79 баласы кайтарылды

“Мээрим” гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кыргыз жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта өлкөгө Ирактан атайын борт учуп келди. Анда өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдар кайтарылды.

“Мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болду”, — деп айтылат маалыматт.

Балдарды репатриациялоо Кыргызстандын тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жааттарындагы мамлекеттик органдарынын жана Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин ведомстволор аралык өз ара ырааттуу аракеттенүүсүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>