Иракта кыздарын мыкаачылык менен атып өлтүргөн кишиге издөө жарыяланды

Иракта кыздарын мыкаачылык менен атып өлтүргөн кишиге издөө жарыяланды

Иракта 2 кызын өлтүрүп көмүп салган киши изделүүдө.  Бул тууралуу Ирактын басылмалары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Ирактын Сулеймания шаарынын Чемчемаль шаарчасынын тургуну 17 жана 19 жаштагы кыздарын атып өлтүрүп, өлүктөрүн жашырып туруп качып кеткен. 

Эже-сиңдилердин башына атылган октон каза тапкан жансыз денелери жарым метрлик чуңкурда көмүлгөн жеринен табылган. 

Басылмалардын маалыматына караганда кыздардын ата-энеси ажырашып кеткен. Ажырашууда кыздар атасы менен калып, бирок андан ар кандай зомбулукка кабылышып, кийин балдар үйүнө кетип калышкан. Бирок атасы жакшы мамиле кылып, кам көрүүгө сөз бергенден кийин кайра кайтып келишкен.

Бирок мындан көп узабай эле атасы аларга кам көрүүнүн ордуна, атып өлтүрүп из жашырып кеткен. 

Учурда кылмышкерге издөө жарыяланып, полиция аны кармоого ыкчам аракеттерди көрүп баштаган.

 

Тэги: Ирак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>