Расмий Тегеран АКШнын аскерлери жайгашкан базаларга баллистикалык ракеталар менен сокку урбайт. Мындай билдирүүнү Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Маджид Тахт-Раванчи АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин айтып чыкты.
Тахт-Раванчи 8-январга караган түнү Ирактагы АКШнын базаларына жасалган соккуну генерал Касем Сүлейманинин өлүмү үчүн өч алуу деген.