Иран Интерполго кайрылып Трампка эл аралык издөө жарыялоону талап кылды

Иран Интерполго кайрылып Трампка эл аралык издөө жарыялоону талап кылды

Тегеран генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трампты камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Иран прокуратурасы Интерполго кайрылып Трампка эл аралык издөө жарыялоону талап кылды.

АКШ президенти менен кошо тизмеде дагы 35 киши бар. Иран бийлиги аларды Сулейманинин өлүмүнө катышы бар деп эсептеп, киши өлтүрүүгө жана терроризмге айыптоодо.

Интерпол да билдирүү таратып, «саясий, аскердик, диний жана расалык мүнөздөгү иш-аракеттерге» барбай турганын белгиледи.

АКШ Тегерандын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани жыл башында Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>