Site icon Reporter.kg

Иран Орусияга учак тетиктерин жана жабдыктарды экспорттойт

Иран өз өндүрүшүндөгү учак тетиктерин жана башка жабдыктарды Орусияга экспорттойт. Бул тууралуу ирандык бир катар агенттиктер жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, макулдашууга ислам республикасынын Жарандык авиация уюмунун жетекчиси Мохаммад Мохаммади-Бахш менен Орусиянын транспорт министринин орун басарынын жолугушуусунда жетишилди. Москванын өкүлүнүн аты аталган жок.

Тараптар ошондой эле Иран орустардын учактарын ремонттоого жардам берет деп сүйлөшүштү.

IRNA жана MEHR агенттиктери маалымдагандай, 26-июлда Тегеранда өткөн кездешүүдө жарандык авиация жаатындагы келишимдер боюнча макулдашып, эки өлкө ортосунда аба каттамдары көбөйтүлмөй болду.

Орусиянын ТАСС агенттиги жетекчилер эки тараптуу байланыштарды өөрчүтүү жөнүндө макулдашканын жазды.

19-июлда орус президенти Владимир Путин Тегеранда Ирандын лидерлери менен жолугуп кеткен.

Exit mobile version