Иран Перс булуңунан дагы бир чет элдик кемени кармады

Иран Перс булуңунан дагы бир чет элдик кемени кармады

Иран Перс булуңунан чет мамлекетке тиешеси бар делген дагы бир кемени кармады. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар  “Фарс” маалымат агенттигине шилтеме кылып  жазды.

Анда айтылгандай, кармалган кеме 700 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан. Иран аскерлери кеменин 7 экипаж мүчөсүн камакка алган. Кармалгандардын бары чет өлкөлүк жарандар болгон. Күйүүчү майлар кайсы өлкөгө ташылып баратканы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Окуяга байланыштуу тергөө иштери башталган.

Белгилей кетсек, Иран буга чейн Ормуз кысыгында британиянын кемесин кармаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>