Site icon Reporter.kg

Иран Украинанын учагын жаңылыш атып алганын моюндады

Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан аскерлери атып алганын жарыялады.

Мындай билдирүү 11-январда мамлекеттик телеканал аркылуу жасалды.

Мамлекеттик телеканал аркылуу жарыяланган билдирүүдө “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунан аскер базасын көздөй багытын бурганда “душмандын объектиси” катары жаңылыш кабыл алынганы айтылат.

АКШ менен курчуган кырдаалдан улам Иран аскерлери эң жогорку аскердик даярдыкта турганын, кырсыкка күнөөлүүлөр жазага тартыларын кошумчалашкан.

Белгилей кетсек, 8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулап, борттогу бардык жүргүнчү жана 9 экипаждын мүчөсү каза болгон. Бортто 180 жүргүнчү болгону маалымдалган.
Президент Владимир Зеленский 9-январды өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Exit mobile version