Site icon Reporter.kg

Иранда генерал Сүлейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген адам митингге чыкты — видео

Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы «Кудс» бөлүгүнүн командири генерал Касем Сүлейманинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу  Тегеран шаарында миңдеген адам митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алар колдоруна маркумдун сүрөтүн көтөрүп алышкан. Ошондой эле нааразылык акциясына чыккандар АКШ менен Израилдин желектерин өрттөп салышкан.

Белгилей кетсек, генерал Касем Сүлеймани 3-январда  Багдад эл аралык аэропортуна АКШ тарабынан жасалган аба соккусунан каза болгон.

Пентагондун расмий маалыматына караганда, генерал  Трамптын буйругунун негизинде өлтүрүлгөн.

Иран бийлиги Сүлейманинин өлтүрүлүшү боюнча АКШга жооп кайтарыла турганын эскертти.

 

Exit mobile version