Иранда ири жарманке өтөт, ага кыргыз ишкерлери да чакырылды

Иранда ири жарманке өтөт, ага кыргыз ишкерлери да чакырылды

Ушул жылдын 18-21-май күндөрү Ирандын Тегеран шаарында биринчи адистештирилген «Евразия» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу  Түркиядагы Кыргызстан достук маданият коомунун ардактуу төрагасы, жеке ишкер Айбек Сарыгул билдиргенин “Акчабар” жазды.

Маалыматка ылайык, иш-чарага кыргыз ишкерлери да чакырылган жана анын алкагындакыргыз-иран бизнес форумун уюштуруу мерчемделүүдө.

“Урматтуу ишкерлер, Иран менен соода жана логистика алакаларыбызды күчтөндүрүү шарт болуп турган учурда Ирандагы элчиликтин бул демилгесин колдоп, кызыктар болгон ишкерлер барып келели деп чакырык жөнөтүп жатам. Мүмкүн болсо бул чакырыкты көбүрөөк ишкерлерге таратууга жардамчы болуңуздар”, — деди Сарыгул.

Ири иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш мамлекеттин алдыңкы экспорттук компаниялары, мындан тышкары, Кытай, Индонезия, Түштүк Корея, Индия, Египет, Сербия жана Латын Америкасынын айрым өлкөлөрү болуп, жалпысынан 40тан ашуун мамлекеттин ишкерлери катышары күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>