Иранда парламенттин төрт депутаты коронавирусту жугузуп алды. Межлистеги 30 депутаттын төртөө илдетке кабылганын парламенттик президиумдун мүчөсү Мохаммад Али Вакили 28-февралда “Твиттер” аркылуу кабарлаганын жергилитүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Иранда коронавирусту жугузуп алгандар тездик менен жайылууда. Алсак frshrs сутка ичинде эле 8 киши аталган вирустан каза болду. Бул мамлекетте инфекцияны 400гө жакын адам жугузуп алган жана 34 киши көз жумду.
Кытайдын өзүндө вирусту жугузуп алгандар 78 824 адамга жетип, баш-аягы 2788 киши көз жумду.