Site icon Reporter.kg

Ирандан 16 кыргыз жараны кайтып келди

Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-августта Ирандан 16 кыргыз жараны кайтып келген. Аларды мекенине кайтаруу иш аракети Иран жана Казакстандын көмөгү менен ишке ашырылган.

Кыргызстандыктар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жерден Бишкек шаарына атайын унаа менен жеткирилген.

Exit mobile version