Site icon Reporter.kg

Ирандын АКШнын базаларына жасаган соккусунан 50 аскер жабыркаган

epa08111153 (FILE) - Iranian clerics look at a ballistic missile Shahab 1 during the second day of military exercises, codenamed Great Prophet-6, by Iran's elite Revolutionary Guards at an undisclosed location in Iran, 28 June 2011 (Reissued 07 January 2020). According to Iranian state TV on 07 January 2020, Iran's Revolutionary Guard Crops (IRGC) launched a series of rockets targeting Ain al-Assad air base located in al-Anbar, one of the bases hosting US military troops in Iraq. The attack comes days after the Top Irani General Qassem Soleimani, head of the IRGC's Quds force, was killed by a US drone strike in Baghdad. EPA-EFE/STRNGER

Ирандын Ирактагы авиабазага жасаган ракеталык соккусунан баш сөөгү жабыркаган америкалык аскерлердин саны 50гө жетти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Пентагондун расмий өкүлүнө таянуу менен билдирди.

Подполковник Томас Кэмпбелл 28-январда 50 аскердин 31и дарыланып, кайрадан кызматына кайтканын кошумчалады. Өткөн аптада Пентагон жаракат алгандардын саны 34 экенин маалымдаган.

Алгач АКШнын президенти Дональд Трамп соккудан «бир дагы америкалык жабыркаган жок, базалар олуттуу зыянга учураган эмес» деп айткан. “АКШнын чет өлкөдөгү аскерлеринин ардагерлери” уюмунун башчысы Уильям Шмитц жума күнү мындай жаңылыш билдирүү үчүн уюм президенттин кечирим суроосун күтөөрүн билдирди.

Иран Ирактагы Айн ал-Асад жана Харир аба базаларын ракетадан аткылоону генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу деп атаган. Ал базаларда “Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун жоочуларына каршы согушкан АКШ баштаган колиция аскерлери жайгашкан.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма күчтөрүнүн кол башчысы Сулеймани 3-январда америкалык дрондун соккусунан каза болгон.

Exit mobile version