Site icon Reporter.kg

Ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылгандар кармалды

Чүйдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

11-декабрь күнү Ысык-Ата районунун стационардык постунан унаа токтотулуп, тинтүүгө алынган. Анда 1986-жылы туулган А.А. аттуу айдоочунун баштыгынан ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында табылган баңгизат 6 кг 140 грамм салмактагы героин экени аныкталды. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө 13-декабрда Баткен облусунда баңгизаттарды жиберген 1968-жылы туулган Р.У. аттуу жаран кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

[su_image_carousel source=»media: 16106,16105″ limit=»36″ crop=»none»]

 

Exit mobile version