Ири көлөмдө баңгизат алып бараткан адам кармалды

Ири көлөмдө баңгизат алып бараткан адам кармалды

Ири көлөмдө баңгизат алып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-январда саат 03:00 чамасында милиция кызматкерлери баңгизат сатууга шектелген 47 жаштагы О.С. аттуу адамды кармап текшеришкен. Натыйжада анын жанынан 3 кг 090 гр. салмактагы героин баңгизаты табылган.

Ошондой эле бул адамдын үйүн тинткен учурда 950 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>