Site icon Reporter.kg

Иса Өмүркулов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен барат. Бул тууралуу саясий бирикменин лидери Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, БШК документтерди изилдеп чыккандан кийин, тизмеде Өмүркуловдун кайсы номерде катталгандыгы белгилүү болот.

Эске салсак, 14-августта Иса Өмүркулов КСДПнын лидерлигин Анвар Артыковго өткөрүп берип, партиядан чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин «Мекеним Кыргызстан»  партиясынан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы 20 талапкерин жарыялаган.

Exit mobile version