Иса Өмүркулов: Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузуу керек

Иса Өмүркулов: Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузуу керек

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов пандемияда кызмат кылып, каза болгон ак халатчандарга эстелик тургузууну демилгеледи.

Иса Өмүркулов коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп жатканына токтолду.

«Бүгүнкү күндө жалпы ооругандардын саны 100 миңге жетти. Абал дагы кыйындай тургандыгы айтылууда. Андыктан, илдетке каршы күрөшүүнү күчөтүү керек. Айрыкча, дарыгерлерге жана жалпы эле медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарыл. Муну менен катар пандемия маалында кызмат кылып жүрүп каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштайм», — деди.

Ушул эле боюнча пикирин айткан депутат Улугбек Садиков: «Сел келе жатса, алдына үй тиккендей абалда турабыз. Анткени илдет күчөп бара жатат. Бирок бизде эч кандай алгылыктуу чара кабыл алынган жок», — деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>