Исаев: Депутаттар эмнеге мага ишеним көрсөтпөөгө кол топтоп жатканын билбейм — видео

Исаев: Депутаттар эмнеге мага ишеним көрсөтпөөгө кол топтоп жатканын билбейм — видео

Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп шайланган Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп жатканы тууралуу өзүнүн кабары жок. Бул тууралуу төрага өзү билдирди.

«Бул тууралуу расмий маалымат жок. Ишеним көргөзүшпөсө өздөрүнүн укугу. Ал эми эмне себептен бул демилгени алып чыгып жатканын алардан суроо керек», — деди Исаев.

Буга чейин депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлүп кол топтоо жүрүп жаткандыгын айткан. Ал буга негизги себеп катары Исаевдин президенттин милдетин аткаруудан баш тартып койгондугу экендигин айткан.

Ошондой эле ал Канатбек Исаев төрагалыктан кетсе анын ордуна Талант Мамытов келиши мүмкүн экенин билдирген.
Бирок Мамытов «Репортерго» ага төрага болуу сунушу депутттардан түшпөгөнүн билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>