Исаев: Оппоненттер чыныгы күрөштөн качып, фаворит партияны четтетүүнү көздөшүүдө

Исаев: Оппоненттер чыныгы күрөштөн качып, фаворит партияны четтетүүнү көздөшүүдө

“Оппоненттер чыныгы күрөштөн качып, жүз миңдеген шайлоочусу бар фаворит партияны мыйзамсыз шайлоодон четтетүүнү көздөшүүдө”, — деп билдирди «Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев бүгүн, 25-августтагы маалымат жыйында.

Ал кайсы бир саясий партиялар өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, БШКнын төрайымына басым жасоо аркылуу “Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүүгө аракет кылышты дейт.

“Кыргызстан” партиясынын катчылыгынын жетекчиси Аманкул деген жигит ишеним кат менен барып, өз убагында документтерди БШКга тапшырган. Эми БШК биздин документтерди убагында тапшырды же убагынан кечиктирип тапшырды деп айтса, анан биз ошого жараша чара көрөбүз. Эгерде бизге кандайдыр бир ыңгайсыз бир чечим чыгара турган болсо, сөзсүз түрдө биз аны юридикалык жол менен тууралаганга аракет кылабыз. Анткени, миңдеген шайлоочулар биздин артыбызда турат. Анан кээ бир саясий партиялар өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыктарын көздөп, шайлоо комиссиясынан 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны шайлоого чейин шайлооодон четтетип коюуну көздөштү. Буга жол бербешибиз керек. Ушул партияларды биз чакырабыз, дебаттарда шайлоочулардын үнүн талашып, шайлоочулардын добушун акыйкаттык менен, мыйзам жолу менен албайлыбы? Бүгүн эми “Кыргызстан” партиясын фаворит партиялардын бири деп эсептейм. Ошол себептен кызыктар партиялар ушул дебаттарда же шайлоочулардын добушун мыйзамдуу жол менен талашпай, кандайдыр бир мыйзамсыз жол менен четтетип коелу деген аракет да”,- деди партия лидери.

Эске салсак, 24-августта айрым басылмалар өздүк булактарына таянып, “Кыргызстан” партиясы белгиленген мөөнөткө чейин документтерин тапшырып жетишпей калганын жазышкан.

Кийин жарандык активисттер жана журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугуп, партияларды каттоого алуу учуру жазылган видеожазууну жана каттоо журналын көрсөтүүнү талап кылышкан. 

Бирок муну менен катар эле БШК билдирүү таратып, “Кыргызстан” өз мөөнөтүндө тийиштүү документтерди өткөргөнүн билдирген. 

Бул талаш-тартыш боюнча бүгүн, 25-августта “Кыргызстан” партиясы штабына ЖМК өкүлдөрүн чакырып, маалымат жыйын өткөргөн. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>