Исфанадагы аэропорт алгачкы жүргүнчүлөрдү кабыл алды – сүрөт

Исфанадагы аэропорт алгачкы жүргүнчүлөрдү кабыл алды – сүрөт

Бишкек-Исфана-Бишкек аба каттамындагы биринчи учак Исфана шаарындагы аэропортко конду. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, “Tez Jet” авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 18-январда саат 12:15те Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропортко конгон.  Аны менен 105 жүргүнчү учуп барган.

Учуунун узактыгы 1 саат 15 мүнөттү түзгөн.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда аба каттамы ар жуманын дүйшөмбү күнү жүргүзүлөт.

Бишкектен учуп кетүү — 11:00.

Исфанага учуп келүү — 12:15.

Исфанадан учуп кетүү — 13:05,

Бишкекке келүү — 14:20.

[su_image_carousel source=»media: 54385,54386,54387,54388,54389,54390,54391″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>