Бишкек-Исфана-Бишкек аба каттамындагы биринчи учак Исфана шаарындагы аэропортко конду. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, “Tez Jet” авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 18-январда саат 12:15те Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропортко конгон. Аны менен 105 жүргүнчү учуп барган.
Учуунун узактыгы 1 саат 15 мүнөттү түзгөн.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда аба каттамы ар жуманын дүйшөмбү күнү жүргүзүлөт.
Бишкектен учуп кетүү — 11:00.
Исфанага учуп келүү — 12:15.
Исфанадан учуп кетүү — 13:05,
Бишкекке келүү — 14:20.
[su_image_carousel source=»media: 54385,54386,54387,54388,54389,54390,54391″ crop=»none» autoplay=»4″]