Site icon Reporter.kg

Жапаров милиционерлерге: Иш күнүңөр 8 саат эмес, 18 саатка созулат

Бүгүн, 27-декабрда эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти. Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аларга бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, иштерине ийгиликтерди каалады.

“Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – Жаңы жылды тосууда жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти сактап, жол эрежелерин камсыздап, жалпы журтубузга коопсуздукту камсыз кылуу. Сиздердин иш күнүңүздөр 8 саатка эмес, 18 саатка жана 365 күнгө созулуп, жеке жашоодон кызматтык милдеттерди бийик коюп, мекенибиз үчүн, элибиздин тынчтыгы үчүн иштеп жатасыздар, бул талашсыз чындык. Ушул күндөрү республика боюнча 12 миңден ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт”, — деди ал.

Бул гарнизондук саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду.

2022-жылдын 29-декабрынан 2023-жылдын 1-январына чейин ички иштер органдарынын жылпы өздүк курамы күчөтүлгөн режиминде кызматын өтөшөт. Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version