Site icon Reporter.kg

Иш сапар: Садыр Жапаровдун учагы Азербайжанга конду

Бүгүн, 3-июлда, Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президентти Азербайжандын Маданият министри Адиль Керимли баштаган расмий делегация тосуп алды. Аэропортто Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжандын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.

Exit mobile version