Site icon Reporter.kg

Исхак Масалиев: Атамбаев боюнча “бөйрөктөн шыйрак чыгарбагыла”

Өткөн жумада Алмаз Атамбаевден 47-колонияга барып, кабар алып койдум. Ушул нерседен саясат издеп эмне кереги бар? Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.

“Мен 2000-жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергенмин. Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес.

Убакыт келгенде өзү да Президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет.

Алмаз Шаршеновичке барганымды айтпай эле жүрдүм, бирок маалымат жарыкка чыккандан кийин тактап койсом.

  1. Кечирим сураган эмесмин, өзүмдү күнөлүү деп эсептебеймин. Президенттик кол тийбестигин алганда мен толук алып коелу деген болчумун. Бирок менин кесиптештерим “Соке бар”- деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт — Президент кызматын тапшыргандан кийин ЭЧ КАНДАЙ кол тийбестик болбосун, жөнөкөй жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштүү эмес, баардык президенттерге таанымал.
  2. Мурдатан эле, камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөнмүн. Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Эльмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганмын, бошоткун деп. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010 жылында өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөмүн. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул.

Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарыначтырды унутуш керек, турмуш алдына кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман?

Ал кишиге бекем ден соолук каалаймын. Мойнуна койгон көптөгөн кылмыш иштеринен көпчүлүгү туура эмес, алар үчүн жооп бере турган кишилер башка. Аны ачык эле айтып турамын.

Келигиле достор, «бөйрөктөн шыйрак чыгарбай» эле коелу, жөнөкөй иштен саясат кылбай.

Ким билет, убакыт келгенде, азыркы өлкөнү башкарган жигиттерден да кабар алып калышыбыз мүмкүн, ошондо жактоочулар (мактоочулар) кайда болот?

Адам бололу достор…

Узак жазсам урушпагыла…”- деди.

 

Exit mobile version