Site icon Reporter.kg

Исхак Масалиев: БШК чоң окуялардын күнөөкөрү болуп калуусу мүмкүн

Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” талапкерлерди тандоодо эреже бузган деген кине менен партияны шайлоо өнөктүгүнөн четтетти. 

Буга нааразы болгон саясий уюмдун жетекчилери маалымат жыйын өткөрүп, БШКны саясий буйрутма аткарып жатат деп айыпташты. 

Мындан көп узабай эле аталган партиядан талапкер болуп жаткан Исхак Масалиев БШКны отставкага кетирүү керек деген пикирин билдирди.

“Борбордук шайлоо комиссиясы тез арада отставкага кетиши керек. Ал мыйзамсыздыктын очогу болууда. Олуттуу окуялардын күнөөкөрү да болуп калуусу мүмкүн”, — деп жазды саясатчы.

Exit mobile version