Исхак Масалиев: “Фейк” деген сөз “айбан” дегенге барабар болуп калды

Исхак Масалиев: “Фейк” деген сөз “айбан” дегенге барабар болуп калды

Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактарда фейк аккаунттар өтө көбөйгөнүн жана алар адамдардын аброюн тебелеп жатышканын жазды. 

Өз билдирүүсүндө саясатчы кимдин гана колдоочусу болбосун, башкалардын аброюна шек келтирбей жазууга чакырды. 

“Жакында Президент кызматына талапкерлер чогулуп пресс — конференция беришти. Өздөрүнүн көз карашыны айтып, сын пикилерди айта кетишти. Мен кээ бир комменттерди карап чыктым. Фейктер көп экен! Профилде сүрөттөрү, маалыматтары жок жигит, кыздар кандай гана жаман сөздөрдү колдонушат. Аял кишини сөгүп, чыдабастык кылган «батырлар». Фейк деген сөз айбан деген сөзгө жакындап калды.

Каалаган кишиңи колдой бер, бирок башка адамдын аброюна шек келтиребесек”, — деген саясатчы билдирүүсүндө. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>