Site icon Reporter.kg

Исхак Масалиев кайрадан шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Биринчи Май шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышат. Бул туурасында маалымат Борбордук шайлоо комиссиянын расмий сайтында жарыяланды.

БШКнын өкүлдөрү айткандай,  Масалиевдин кайра шайлоого катышуусуна мыйзам жол берет.  Мыйзамда эч кандай чектөө жок. Бирок, бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого партиялык тизме менен депутат болгондор гана аттана алат.

«Мен эгерде шайланып калган учурда азыркы депутаттык мандатты тапшырат элем. Партиялык тизме менен «Бүтүн Кыргызстанга» дагы бир депутат кошулмак. Ошентип биз оппозициялык көз караштагы депутаттардын санын көбөйтмөкпүз. Буга мыйзам толук жооп берет. Бирок БШКнын позициясын түшүндүм, алар менен соттошкондун кажети жок»– деп  «Азаттыкка» айтып берген.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 27-январда саат 18:00дө аяктайт. Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Exit mobile version