Ишеним чоң мааниге ээ. Энергохолдингдин башчысы депутаттыктан талапкерлигин алды

Ишеним чоң мааниге ээ. Энергохолдингдин башчысы депутаттыктан талапкерлигин алды

«Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаров саясий бирикменин тизмесинен чыкты. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Ал талапкерлигин алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.

«Шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Ушуга байланыштуу, Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мени “Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз жаздым.

Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым», — деп айтты Назаров.

Ошондой эле ага ишеним чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

«Бардыгыбыз мыйзамдын нормаларын жана талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек», — деди ал.

Эске салсак, Назаров 24-августта Улуттук энергохолдингдин башчысы катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон, бирок 1-сентябрда Жазы-Кечүү айылына келип, электр жарыгын берүү аземине катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>