Site icon Reporter.kg

Ишкер айымдар багынткан бийиктик — ЕРӨБ насаатчылыгы жыйынтыкталды

Кыргызстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Бизнестеги айымдар” насаатчылык программасынын 2024–2025-жылдагы этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Программа өлкө аймагындагы 38 ишкер айымга жаңы билим, тажрыйба жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Жети ай ичинде ишкер аялдар медицина, билим берүү, соода, туризм жана технология сыяктуу тармактарда өз бизнесин өнүктүрүү боюнча Европадан, Азиядан жана Африкадан келген тажрыйбалуу насаатчылар менен иштешти. Алар тренингдерге катышып, башка ишканаларга барып, өздөрүнүн бизнес-жаатында билимин жакшыртышты.

“Насаатчынын кеп-кеңешинин натыйжасында биз команданы бекемдеп, кошумча кызматтарды киргизип, кардарлардын базасын кеңейте алдык. Жеке мүмкүнчүлүктөргө ишеним пайда болуп, масштабдан коркуу сезими жоголду. Быйыл биз бала бакча үчүн имарат сатып алдык жана бул алдыга жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат”, — дейт “Умка Kids” мектепке чейинки мекемесинин негиздөөчүсү Майрам Төрөбекова.

Долбоордун алкагында төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду:

Белгиленгендей, программа башталгандан бери жалпысынан 300гө жакын ишкер айым менен насаатчы тартылып, аялдардын ишкердиктеги ордун бекемдөөгө чоң салым болду.

 

Exit mobile version