Site icon Reporter.kg

Ишкерди коркутуп, 50 миң доллар талап кылгандар кармалды, — видео

Бишкекте ишкерден акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын сентябрь айында ИИМдин КИББдин Бишкек шаары боюнча 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат алышкан.

Өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган.

Мындан тышкары, кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп баштаган. 26-сентябрда Бишкек шаары боюнча ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 000 (эки жүз миң) сом акча алып жаткан жеринен кармашкан.

Алар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган.

Учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version