Site icon Reporter.kg

Ишкерди уурдап кеткен кылмыштуу топ колго түштү (ВИДЕО)

Адам уурдоого тиешеси бар кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече белгисиз кишилер 28-жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен “ Тойота” үлгүсүндөгү унаага салып, ээн жерге алып кетишкен. Алар күч колдонуу менен жабырлануучуун коркутуп акча талап кылышып ишкерден 50.000 сом өлчөмдөгү акча каражаттын тартып алышкан. Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну кое беришкен.

Жогорудагы факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун милициянын кылмыштарынын
бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза Кодексинин “ Адам уурдоо” 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.

4-май күнү Бишкек шаарынын аймагында милиция  кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты.
Атайын иш чаранын жүрүшүндө адам уурдоого катышкан шектүүлөр Ысык-Көл облусунда 1995 жылы туулган А.А., Чүй облусунун Жайыл районунда 1995-жылы туулган Б.М., Талас облусунда туулган 1995-жылы туулган О.М. жана Нарын облусунда 2003-жылы туулган Ш.Ж. кармалды.

Кармалгандардын арасынан экөөсү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Шектүүлөргө таандык эки автоунааны тинтүү учурунда Макаров тапанчасынын базасында жазалган травматикалык тапанча, 3-даана бычак, ошондой эле «Toyota», «Volkswagen Golf III», «Volkswagen Passat», «BMW 525» транспорттук каражаттарынын техникалык паспорттору жана эки мамлекеттик номердик белги табылып алынды.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Exit mobile version