Site icon Reporter.kg

Ишкерлер алты жыл мурдагы салыгын дагы төлөйбү? Салык кызматынын түшүндүрмөсү

Базардагы айрым соодагерлер 2015-жылдагы жана 2017-жылдагы салыктарын төлөп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук-тартип боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер эски салыктарын төлөөдө жеңилдиктерди сурап жатышат.

“Алар 10 миллион төлөйлү десе болбой 60 миллион талап кылып жатыптыр”, — деди Шайлообек Атазов.

Мамлекеттик салык кызматынын  төрагасы Алтынбек Абдувапов  маселе “Мадина” базарынын соодагерлерине байланыштуу экенин айтты.

“Аталган базардын соодагерлерине кошумча төлөмдөр боюнча УКМКнын 2020-жылдагы токтому бар. Айрым ишкерлер чет өлкөдө болуп төлөбөй калышкан. Ошолор төлөп жатат. Алар көбүнчө кытайлык соодагерлер”, — деди Алтынбек Абдувапов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version