Site icon Reporter.kg

Ишкерлерден акча талап кылып келген милиционерлер кармалды

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  УКМК тарабынан 2023-жылдын 24-мартында Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысы боюнча кармалышты.

Тактап айтканда, Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалды.

Жогорудагы кызматкерлер кылмыштуу сүлөшүүлөргө барып, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан массаждык салондордун ээлеринен акча каражаттарын алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.

Биринчи май РИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын массаж салондорунда негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн, негизги максат катары аларды “калкалоо үчүн” ай сайын акы алып туруу болгон. Акынын баасы 500дөн 1000 АКШ долларына чейин болгон.

Белгилей кетсек, массаждык салондордун ээлери менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон.

Салон ээлери баш тарткан учурда, түшкөн арыздык материалдардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камакка алуу түрүндөгү кесепеттерге алып келет деп коркутушкан.

Акча каражаттарын алуу процессинде бул кызматкерлер ар кандай ыкмаларды, анын ичинде бир жолу колдонулуучу электрондук банк карталарын, ишенимдүү акча алмаштыруу жайларын жана башкаларды колдонушкан.

Кармалгандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

КР УКМК жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен жапа чеккен адамдарды кайрылууга чакырат, берилген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берилет.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version