Ишкерлердин укугун коргоо. Прокуратура жана Бизнес-омбудсмендин өкүлдөрү жолугушту

Ишкерлердин укугун коргоо. Прокуратура жана Бизнес-омбудсмендин өкүлдөрү жолугушту

Бизнес-омбудсмендин жана прокуратуранын өкүлдөрү ишкерлердин укуктарын коргоо тууралуу талкуу жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган талкуу 12-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасында өткөн. Анда прокуратуранын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсменинин орун басары Н.Мусуралиев жолуккан. Тегерек столдо ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу, ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдар боюнча маселелер талкууланган.

Мындан сырткары, инвестиция жана ишкердик чөйрөсүндөгү көйгөйлөр, инвесторлордун укуктарын коргоо чаралары боюнча пикирлер ортого салынды. Иш-чаранын жыйынтыгы менен тараптар андан аркы кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө макулдашышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>