Site icon Reporter.kg

Иш издеп кеткен Таалайбек Кадатаев үч айдан бери дайынсыз болууда

Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Кадатаев Таалайбек Мукамбетовичти жакындары табууга жардам берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык милициясына кайрылышкан.

Милициянын маалыматына караганда, Кадатаев 2024-жылдын август айынын башында Бишкекке акча табуу үчүн кеткен жана акыркы жолу 6-августта байланышка чыгып, Жайыл районунун Сулуу-Төр жайлоосунда Суусамыр өрөөнүндө чабан болуп иштеп жатканын айткан. Ошондон бери байланышка чыккан эмес.

Бул факт Бишкек ШИИБге катталып, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Белгилери: Анын бою 167 см, салмагы 70 кг. Ал кара спорттук кийим жана кара калпак кийип жүргөн. Бир колунун сыртында, бармактан башка ар бир манжасында “197?” татуировкасы бар.

Эгер анын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, милиция кызматкерлери: 0312 22 15 58, 03133 3 51 84, 0701 20 31 02 (нөөмөт бөлүмү) номурларына чалып коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version