Site icon Reporter.kg

Исках Пирматов Кумтөр боюнча күнөөлүү деп  табылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исках Пирматов Кумтөр боюнча күнөөлү деп табылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган мекеменин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-сентябрь күнү райондук сот Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза берилген.

Экс-депутат УКМК тарабынан Кумтөр ишиндеги жемкорлукка шектелип кармалып, кайрадан бошотулган болчу.  2015-жылы Жогорку Кеңешке келген Исхак Пирматов мандатын 28-майда өз каалоосу менен мандатын тапшырып берген эле.

Exit mobile version