Ислам динин басмырлаганга шектелген Гүлзат Аалиева камакка алынды

Ислам динин басмырлаганга шектелген Гүлзат Аалиева камакка алынды

Аймактар аралык жана диндер аралык кастыкты коозутууга шектелип философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Д.У. аттуу жаран милицияга арызы менен кайрылып, “Фейсбук” социалдык тармагы аркылуу аймактар аралык жана диндер аралык кастыкты коозутуп жаткан Гүлзат Аалиева аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык касташууну (араздашуу) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 48 жаштагы Гүлзат Аалиева кармалып, 98-берененин негизинде Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан сырткары, тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык Гүлзат Аалиеванын социалдык тармакка жарыялаган билдирүүсүндө лингвистикалык өзгөчөлүк, тактап айтканда адамды басмырлаган жана динди карманган адамга чагымчылдык кылган, ошондой эле конкреттүү бир динди жана аны тутунгандарды басмырлаган, негативдүү эмоционалдык баалоо жана терс мамиле кылганы аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартуу керектигин айтып, анын үстүнөн милицияга арыз жазышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>