Site icon Reporter.kg

Ислам оюндары: Суучул Денис Петрашов алтын утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту.

Суучул 16-августта брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө жеңүүчү аталды. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс боюнча 50 жана 200 метр аралыкта коло медалдардын ээси болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version