Site icon Reporter.kg

Ислам тилектештиги оюндары: Махмудов алтын тагынды

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) алтын тагынды.

Биринчи кармашта Махмудов түркиялык, андан кийин жарым финалда өзбекстандык спортчуну жеңген.

Ал эми финалда Махмудов азербайжандык балбандан күчтүү болуп чыкты.

Алдыда Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.

Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 6 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version