Исмаилова: Өкмөт акча адалдоо үчүн коронавирустун статистикасын көбөйтүүгө аракет кылбайт

Исмаилова: Өкмөт акча адалдоо үчүн коронавирустун статистикасын көбөйтүүгө аракет кылбайт

Башка оорудан каза болгон маркумдун жакындарына COVID-19 вирусунан өлдү деп жазуу үчүн акча сунуштап жатышат деген маалыматтар чындыкка жатабы? Мындай суроо бүгүн, 23-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаиловага журналисттер тарабынан берилди.

Аида Исмаиолова бул маалымат чындыкка дал келбейт экенин билдирди.

«Ошондой эле, бийлик COVID-19 вирусу боюнча статистиканы атайын акча алыш үчүн көбөйтүп жатышат деген бардык маалыматтар жалган. Мындан улам, жогоруда айтылган жалган маалыматтарды уккан учурда бизге билдирүүңүздөрдү суранабыз, ар бир учур боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүлөт», — деди Исмаилова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>