Исмаилова: COVID-19 илдети менен ооруган медкызматкерлерге компенсация төлөнө элек

Исмаилова: COVID-19 илдети менен ооруган медкызматкерлерге компенсация төлөнө элек

COVID-19 илдети менен ооруган медкызматкерлерге дагы 200 миң сом төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу бүгүн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

«200 миң жана 1 млн сом төлөмдөрү боюнча атайын комиссия иштеп жатат жана анын чечиминен кийин гана акча каражаты төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эч кимге төлөнүп бериле элек», — деди Исмаилова.

Ал коронавирус инфекциясы жайылган очоктордо казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом кошумча төлөнө турганын айтты.

«Орто медперсоналга 2000 сомдон, ал эми кенже персоналга жана башка медкызматкерлерге 1800 сомдон чегерилет. Бирок төлөмдөр иш жүзүндө иштеген күндөргө жараша жүргүзүлөт«,- деп айтты вице-премьер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>