Исмаилова: Коронавирус менен ооруган медиктерге төлөнө турган акча жетпесе дагы бөлүнөт

Исмаилова: Коронавирус менен ооруган медиктерге төлөнө турган акча жетпесе дагы бөлүнөт

Медицина кызматкерлерине кенемте катары төлөнө турган 50 млн сом жетпесе, бюджеттен дагы каражат каралат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде  билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлерге кенемте төлөп берүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия иштеп жатат.

«Өкмөттүн 161-буйругуна ылайык, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүже кызматтык милдеттерин аткарууда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт. Ал эми илдеттен каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт», — деди ал.

8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 906 адамга жетти. Алардын ичинен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>