Испанияда акыркы суткада 718 адам коронавирустан көз жумду

Испанияда акыркы суткада 718 адам коронавирустан көз жумду

Испанияда акыркы суткада 718  адам коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган өлкөдө бир суткада коронавирус боюнча 9 миңге жакын жаңы учур катталды. Вирус жуктургандардын 20 пайызы 65 жаштан ашкан адамдар.

Өлкөдө 11-апрелге чейин катуу тартиптеги улуттук карантин киргизилген. Учурда эпидемия Испанияда Италияга караганда бат тарап жатат. Муну менен катар эле бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппарат жетишпей, дарыгерлер жашоого көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар жаштардын өмүрүн сактап калууга аракет жасоодо.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>