Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөгү эл аралык шахмат фестивалына кимдер тандалды?

Бишкек шаарында “Issyk-Kul Open 2022” Эл аралык шахмат фестивалына тандоо турнири өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызмты билдирди.

Маалыматка караганда, турнирге жалпысынан “Диалог” маданият үйүнүн алдындагы шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин 57 окуучусу катышып, 10, 12, 14 жашка чейинки жана «Б» категориясында ат салышты. Жыйынтыгында Аманов Асад жана Сагынбекова Жибек 10 жашка чейинки категорияда, 12 жашка чейинки Дүйшеналиев Эльдар жана Асанбекова Розел, 14 жашка чейинки Амиражанов Бекбол жана Токтобекова Азема фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми «В» категориясында: Пак Аарон жана Рахатбеков Тилеген.

Фестиваль 12-22-июль күндөрү Ысык-Көл районунун Корумду айылында өтүп, Казакстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясынан гроссмейстерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара катышуучулардын чеберчилигин жогорулатуу, шахматты Кыргызстанда жана Борбордук Азияда кенири жайылтуу жана шахматчылардын достук байланышын чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.

 

Exit mobile version