Site icon Reporter.kg

Италияда соңку суткада коронавируска чалдыккан 793 адам көз жумду

Италияда 21-март күнү өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна чалдыккан 793 адам көз жумуп, ушул эле күнү 6557 адам бул ооруну жуктуруп алган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, аталган өлкөдө жалпы 53 578 адам бул ооруга чалдыкса, өлгөндөрдүн жалпы саны 4825 адамга жеткен.

Өлкө бийлиги вирустун жайылышына каршы туруу максатында күнүмдүк жашоого зарылдыгы жок бардык ишкананы жапкан. Азык-түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар, банктар жана айрым коомдук транспорттор гана иштеп жатканы айтылат.

[su_quote cite=»деген Италия премьер-министри Жузеппе Конте.»]Вирустун жайылышы күчөп баратат, өлүм-житимдер көбөйүүдө. Мындан улам карантин чараларын күчөтүүгө аргасызбыз. Элди сабырду болууга жана айтылган талаптарды аткарууга чакырамын, [/su_quote]

Италия сыяктуу эле коронавирус пандемиясы Европанын баша өлкөлөрүндө дагы тездик менен жайылууда. Испанияда 25 496 адам бул ооруну жуктуруп алса, 1331 адам өмүр менен кош айтышкан. Ал эми Францияда болсо вирус 14 миңден ашык адамга жугуп, 562 адамдын өмүрүн алган. Ошондой эле Германияда дагы бул оору тездик менен жайылууда.

Exit mobile version