Site icon Reporter.kg

Италиялык футболчу Кыргызстанга көчүп келди. Эми ал жаш спортчуларды тарбиялайт

26-мартта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев Италиянын “Перуджа” футбол клубунун мурдагы оюнчусу Карло Барафани менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, Карло Барафани Кыргызстанга жакында көчүп келген. Ал бул жерде балдардын футболун өнүктүрүү менен алек болуп, жаш футболчуларды машыктырып, бул спорттун түрүн кенен жайылтууга басым жасайт.

“Сиз менен кызматташууга биз кубанычта болобуз. Сиздин тажрыйбаңыз кыргыз футболу үчүн сөзсүз пайдалуу болот. Улуттук футбол федерациясы менен да жолушуу уюштуруп, кийинки кадамдардын планын талкуулоо керек”, – деген Канат Шабданбаев.

Exit mobile version