IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына улуттук спорттун 7 түрү киргизилди

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына улуттук спорттун 7 түрү киргизилди

Стамбулда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын атынан Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IV ДКОнын түрк тарабынан иштелип чыккан жобосунун долбоорун карашты.

Канатбек Арпачиев буга чейин Кыргызстанда өткөн I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө айтып, Кыргызстандын Көк Бөрү федерациясы бекиткен эрежелер боюнча «Көк бөрү» мелдешин өткөрүү сунушун айтты. Ошондой эле салбуурун мелдештерин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү сунушталды.

Мындан тышкары, IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын спорттук программасына кыргыздын төмөнкү улуттук спорт түрлөрү кирген: көк-бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, көчмөндөрдүн улуу күрөшү, тогуз коргоол жана бел боо күрөшү «Алыш» (Эл аралык федерациялардын бекитилген эрежелерине ылайык бул спорт).

Эске салсак, IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына арналган эстафета Түркия тарапка өткөн. Оюндар 2020-жылы Түркияда өтүшү керек болчу. Бирок, COVID-19 пандемиясынан улам, оюндар 2021-жылга жылдырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>