Site icon Reporter.kg

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктар башталды

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жер белгилүү болду. Бул тууралуу Түрк кеңешинин башкы катчысы Султан Раев билдирди.

Анын айтымында, уюштуруу комитети кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын активдүү фазасын баштады. Алар ушул эле аталыштагы көлдүн жээгинде жайгашкан жана бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган Византия дубалдары менен белгилүү болгон Изник ​​шаарында өтөт.

«Түркияда Көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталды. Быйыл сентябрь айынын аягында өткөрүү пландаштырылып жатат. Бүгүнкү күндө 74 өлкөдөн 2050 этноспортчунун катышуусу күтүлүүдө», — деди Султан Раев.

Ал оюндарга даярданууга Түркиянын мыкты режиссёрлору жана сценаристтери тартылганын кошумчалады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда ойлоп табылган. Үч жолу Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн. Бирок кийинчерээк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлөт деген чечим кабыл алынган.

Exit mobile version