1-июлдан тарта салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес кирешелерди банктын кассалары аркылуу накталай түрдө төлөө төлөм коду же QR-код менен гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөө кодун же QR-кодду салык төлөөчү төмөнкү жолдор менен түзүп алса болот:
- cabinet.salyk.kg сайтында Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөө» бөлүмүнөн;
- «Salyk.kg» мобилдик тиркемеси аркылуу;
- Аймактык салык органындагы «бирдиктүү терезеден».
Салык кызматы бул жаңы тартип салык төлөө процессин жөнөкөйлөтүүгө жана бюджетке каражаттарды онлайн режиминде автоматтык түрдө өткөрүүгө багытталган кадам экенин билдирди.